Мен, Кариева Бача Аманидиновна 1968-жылдын 21-мартында Нарын областынын Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлгөм. 7 жашымда Эпкин орто мектебинин 1-классына кирип,1985-жылы 10-классты ийгиликтүү аяктагам. Алгач эмгек жолумду Кыргыз комволдук-сукно комбинатында жүн түруүчү болуп иштөөдөн баштагам. 1986-жылы КМУнун тарых факультетинин 1-курсуна студент болуп кабыл алындым. Студент кезимде жакшы окуп,алдыӊкы студенттердин катарында музей практикасын Оруссиянын чоӊ шаарлары: Киев,Ростов на Донуда өткөм. Студенттик педагогикалык практиканын жыйынтыгында Бишкек шаарындагы №67-эксперименталдык орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеп, алгач мугалимдик эмгек жолумду баштагам.Үй бүлөлүк шартыма байланыштуу 1992-2000-окуу жылдары Сокулук районундагы Бейшеналы, Биримкул орто мектептеринде тарых жана адам коом мугалими болуп иштедим.2000-окуу жылынан бери 20 жыл убакыт Москва районундагы №1 Ак Суу орто мектебинде иштеп келе жатам.Эки курдай кабинетимди жаӊылап жасадым. 2010-жылы менин окуучум адам коом сабагынан областтык олимпиададан байгелүү 3-орун алган. Ушул жылдар аралыгында Райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын билим берүу министирлигинин ардак грамоталарына жана Билим берүүнүн отличниги төш белгисине татыктуу болдум. Жалпы эмгек тажрыйбам-30 жыл. Балдарга болгон билимимди, тарбиямды берип,сабактарымды кызыктуу өтүугө,балдарды өз мекенин сүйүүгө үйрөтүугө аракет кылып келем. Дагы көп чыгармачылык пландарым бар. 3 баланын энеси, 2 неберенин таэнесимин.