12-ДЕКАБРЬ-УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
12-декабрь-заманыбыздын залкары, адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсан, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, аз жашаса да, улуттук адабиятка ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 12-декабрь- Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган.
Бул күнү №1 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинде Улуттук адабият күнү белгиленди. 5-11-класстардын окуучулары жана кыргыз тили мугалимдери тарабынан даярдалган иш-чара өтүлдү.
Мында залкар акын-жазуучулардын чыгармаларынан, ырлардан көркөм окуулар айтылып, дубал гезиттер, буклеттер даярдалып, көргөзмөлөр уюштурулду. Окуучулар залкарлардан калган унутулгус чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышты.
Комментарии